Чүйдө 22 жаранга мыйзамсыз берилген жер тилкелери аныкталды
Чүй облусунун Сокулук районунда 22 жаранга мыйзамсыз берилген жер тилкелери аныкталды. Бул тууралуу 1-апрелде Башкы прокуратурадан билдиришти.Маалыматка ылайык, 2021-жылы Манас айыл өкмөтүнө караштуу Семетей жаңы конушундагы 0,88 гектар жер тилкеси 22 жаранга мыйзам талаптарын бузуу менен берилип кеткен.
Натыйжада баасы 45 миллион 832 миң 283 сомду түзгөн жер тилкелери мамлекеттик менчикке кайтарылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















