super.kg logo

Психотроптук заттарды ташуу менен алектенүүгө шектүү жарандар кармалышты (видео)

 

Бишкек шаарында психотроптук заттарды ташуу жана сатуу менен алектенип жүрүүгө шектүү жарандар кармалышты. Бул тууралуу 1-апрелде ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер тарбынан жүргүзүлгөн тинтүү учурунда өзгөчө ири ѳлчѳмдѳгү психотроптук заттар табылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.

Натыйжада 1992-жылы туулган А.у.Ж., 2000-жылы туулган К.у.Н. аттуу жарандар кармалган.

Белгилей кетсек, психотроптук заттарды уруксат берүүчү документи жок ташуу жана таркатуу бул оор кылмыш болуп саналат жана 5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.






Бишкекте психотроптук заттарды ташуу жана сатуу менен алектенип жүргөн жарандар кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: