Бишкекте итке таланган 5 жаштагы бала боюнча милиция маалымат берди (видео)
Бишкекте иттер кол салган 5 жаштагы бала боюнча шаардык милиция үн катты.
Маалым болгондой, окуя 1-апрелде, саат 17:37 чамасында болгон. Милицияга Калыс-Ордо-2 конушунда иттер 5 жаштагы балага кол салганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери дароо барып, маалымат тастыкталды. Жабырлануучу 2019-жылы туулган У.А. аттуу бала экени аныкталды.
Иттер дароо атылды. Укук коргоо кызматкерлери саат 18:00 чамасында баланы ооруканага жеткиришти.
Учурда анын абалы туруктуу. Тергөө иштери уланууда.
Бишкекте итке таланган 5 жаштагы бала боюнча милиция маалымат берди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















