super.kg logo

Оштун тургуну ажылыкка бара турган каражатына айылдаштарына жаңы көпүрө куруп берди (видео)

 
Бүгүн, 4-апрелде Ош шаарынын Озгур айылында жаңы көпүрө бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
Мэриядан билдиргендей, бул көпүрө айыл жашоочусу Умарбек Атабеков тарабынан жеке каражатына курулуп, айылдаштарына белек катары арналды. Ал ажылыкка барууга деп чогулткан каражатын элдин керегине жумшоону туура көргөн. Анткени жаз мезгилинде Увам каналында суу көбөйүп, шаарды байланыштыруучу эски көпүрө кооптуу абалга келип калган.
Ачылыш аземине шаар мэри Жанарбек Акаев, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Шаар башчысы анын бул аракетин айылга кызмат кылуунун мыкты үлгүсү катары даңазалап, шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн мэриянын Ардак грамотасы менен сыйлап, ыраазычылыгын билдирди.





Оштун тургуну ажылыкка бара турган каражатына айылдаштарына жаңы көпүрө куруп берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: