Оштогу рекультивацияланган Учар көрүстөнүнө 600гө жакын көчөт отургузулду
Бүгүн, 4-апрелде Ош шаарынын Мамыров көчөсүндө жайгашкан, буга чейин рекультивацияланган Учар көрүстөнүн жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, эски жайды экологиялык жактан калыбына келтирүү жана жашылдандыруу иштеринин алкагында 2,16 гектар жерге 600гө жакын көчөт отургузулду.
"Ош шаары боюнча рекультивациядан өткөн 8 көрүстөндүн ордун жашылдандыруу иштери каралган. Учурда акыркы көрүстөн көрктөндүрүлүп бүттү. Мындай иш-чаралар өлкө башчысы тарабынан жарыяланган “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында жана шаардын экологиялык абалын жакшыртуу, жашыл зоналарды көбөйтүү, Ошту көрктүү, жашыл шаарга айлантуу максатында ишке ашырылууда", - деп белгиленген маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















