Шаң менен тосуп алышты... Кыргызстанга туристтик поезд менен чет элдиктер келишти
Бүгүн, 6-апрелде Улуу Жибек Жолу багыты боюнча Борбор Азиянын беш өлкөсү аркылуу жүргөн Германиянын Lernidee Erlebnisreisen GmbH туроператорунун эл аралык туристтик поезди "Бишкек-2" темир жол бекетине келди.
"Кыргыз темир жолу" ишканасы маалымдагандай, 12 заманбап жана ыңгайлуу вагондон турган поезд менен Батыш Европа, Түндүк Америка жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн 60тан ашуун туристтер келишкен. Чет элдик туристтерди шаң менен тосуп алышкан.
"Мындай деңгээлдеги эл аралык туристтик поезддин келиши Кыргызстанды коопсуз, меймандос жана темир жол туризми үчүн жагымдуу өлкө катары таанытууга өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанга туристтик поезд менен чет элдиктер келишти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















