super.kg logo
  Саясат  

Үч эм балдардын энеси Бактыгүл Молдотаевага материалдык жардам көрсөтүлдү

 

Үч эм балдардын энеси Бактыгүл Молдотаевага материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын 23-январында президент Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, үч эм балдардын энеси Бактыгүл Молдотаевага Президенттик социалдык жактан коргоо жана колдоо фондунан 100 000 сом бөлүндү.

Эске салсак, Жаңы жыл алдында, тагыраак айтканда, 30-декабрда саат 15:00дөр чамасында Бишкек шаардык перинаталдык борборунда 4 эм жарыкка келди. Тилекке каршы, эркек балдардын бири жатындан чыга электе эле чарчап калган. Калган ымыркайлар 2 килограмм 300 грамм, 2 килограмм 10 грамм, 1 килограмм 750 грамм салмакта төрөлүшкөн. 

Макала толугу менен бул жакта...






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: