super.kg logo

Айыл чарба министрлигине 60тан ашуун атайын техника тапшырылды

 

Бүгүн, 8-апрелде Адылбек Касымалиев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине 63 даана атайын техниканын ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков жаңы сатып алынган атайын техникалардын абалы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, 40 даана техника - мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынды, ага 128 миллион сом жумшалган. Ал эми калган 23 даана техника – эл аралык институттардын колдоосу менен алынган.

“2021-2025-жылдар аралыгында республикалык бюджеттен Суу ресурстары кызматына 21,4 миллиард сом бөлүндү. Бул каражаттар ирригациялык объекттерди тейлөөнү, каналдарды оңдоп-түздөөнү жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле акыркы 5 жылда 270 жаңы техника алынды. Мамлекет сиздердин ишти жакшыртуу үчүн материалдык-техникалык жактан камсыздоону жогорулатууну улантат”,- деди Касымалиев.

Ошондой эле өкмөт башчы министрликке алдыга коюлган пландарды ишке ашыруу үчүн тийиштүү тапшырмаларды берди.

Ага ылайык, Баткенде 4 миң 200 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылган “Алга Кадам” ирригациялык ири долбоордун негизги иштерин бүткөрөт, ал 2027-жылы толук ишке берилет. 2026-жылга 5  миң 270 гектар жерге тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системдерин орнотуу пландар коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: