super.kg logo

Чыгыш айланма жол: Тургундар менен маанилүү жолугушуу өттү

 
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Осмон-Ата конушунун тургундары менен жолугуп, Чыгыш айланма жолунун курулушуна байланыштуу маселелерди талкуулады.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, жолугушууда үйлөрү жана жер тилкелери жаңы жолдун багытына туш келген тургундардын көйгөйлөрү каралды. Бузууга туш болгон 12 үйдүн ээлерине компенсация төлөп берүү чечими кабыл алынды.
Ал эми жер тилкелери боюнча мыйзамга ылайык тең баалуу жер берүү же башка альтернативдүү варианттар сунушталып, алмашуу механизми колдонулат.
Долбоордун жалпы узундугу 16,2 чакырымды түзөт. Анын алкагында 79,8 гектар жер бөлүнөт:
• 64,8 гектар жол курууга
• 15,0 гектар — төлөм пункттары жана инфраструктура үчүн
Жаңы жол төрт негизги көчө менен байланышат:
• Сухэ-Батор көчөсү
• Жукеев-Пудовкин көчөсү
• Путепроводная (Лев Толстой) көчөсү
• Ахунбаев көчөсү
Бул долбоор шаардагы транспорттук жүктү азайтып, тыгындарды кыскартууга, экологиялык абалды жакшыртууга жана жаңы альтернативдүү каттамдарды түзүүгө багытталган.
Адистердин айтымында, Чыгыш айланма жол Бишкектин транспорттук инфраструктурасын комплекстүү өнүктүрүүгө чоң салым кошот.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: