Бишкек мэри кыргызстандык космонавтка белек берди
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кыргыз мамлекетинин баатыры, учкуч-космонавт Салижан Шарипов менен жолукту. Бул туралуу калаа бийлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, шаар башчысы космонавттын жетишкен ийгиликтери менен өзгөчө сыймыктанарын белгилеген.
"Биз сиздей инсандар менен сыймыктанабыз. Сиздер өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү болосуздар. Бишкек - ар бир адам өз мүмкүнчүлүгүн ачып, бийик жетишкендиктерге жете ала турган мүмкүнчүлүктөрдүн шаары",- деп белгиледи мэр.
Ошондой эле Жунушалиев Салижан Шариповго Бишкек шаарынын мэриясынын баалуу кол саатын тапшырган.
Бишкек мэри кыргызстандык космонавтка белек берди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















