super.kg logo

Чыңгыз Айтматов проспектисинде жаңы долбоорлор ишке ашат

 
Бишкек шаарында унаа жол тармагын өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорлор талкууланды. Шаар мэри Айбек Жунушалиев көчмө жыйындын алкагында Чыңгыз Айтматов проспектиси боюнча пландалып жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, “Фрунзе” турак жай комплексине жана “Ала-Арча” соода-оюн-зоок борборуна кирүүчү жаңы жолдорду уюштуруу каралууда.
Мындан тышкары, эки жаңы көчөнү куруу жана светофорлорду орнотуу пландалууда:
• Миңжылкыев көчөсү — Чыңгыз Айтматов проспектисинен Тыналиев көчөсүнө чейин (1,3 чакырым, 2 тилке);
• Арстанбек Дүйшеев көчөсү — Чыңгыз Айтматов проспектисинен Байтик Баатыр көчөсүнө чейин (1,1 чакырым, 4 тилке).
Долбоордун алкагында Миңжылкыев көчөсү Кыргыз-Түрк Манас университети аймагына жакын өтөрү белгиленди. Ушуга байланыштуу коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жер алдындагы жөө өтмөктөрдү куруу сунушталууда.
Бул долбоорлор шаардагы жол тыгындарын азайтып, жарандардын коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүнө шарт түзөрү күтүлүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: