super.kg logo
  Саясат  

Барыкинди акыркы сапарга узатуу зыйнаты аскердик сый-урмат жөрөлгөсү менен өтөт

 

Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Райимберди Дүйшөнбиев бүгүн, 24-январдагы маалымат жыйынында кыргыз-кытай чек арасындагы "Ак-Шыйрак" участкасында ыкчам иликтөө тобу иш алып барып жатканын маалымдады.  

Анын айтымында, кол салган топтун кайсы тараптан келгендигин аныктоодо кардагы издерин карап, кылмышкерлердин курал каткан жашыруун жайлары болбогондугун текшерип чыгуу керек.  

Ошондой эле А.В.Барыкинди акыркы сапарга узатуу зыйнаты аскердик сый-урмат жөрөлгөсү менен өтөрүн кошумчалады. Ал чек арадагы кармаш учурунда кылмышкерлердин экөөсүн өзүнүн куралынан атып өлтүрүүгө жетишкен.

Александр Барыкин 1952-жылы 1-январда Түп районунда туулган. 1977-жылы Иркутск шаарындагы Айыл чарба институтунда билим алган. Кесиби боюнча биолог-мергенчилик таануучу. 1994-жылдан тартып Ысык-Көл облусундагы мергенчилер жана балыкчылар коомун жетектеп келген. Үй-бүлөлүү, эки баласы Орусияда жашайт. Кесиптештеринин айтымында, Барыкин чет өлкөлүктөрдү коштоп ууга чыгып турган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: