super.kg logo

Кара-Сууда заманбап медициналык борбор ачылды

 

Бүгүн, 12-апрелде президент Садыр Жапаров Оштун Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын администрациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, имарат төрт кабаттан турат, анын ичинде жер төлөсү да бар. Мекеме заманбап медициналык жабдуулар жана эмеректер менен жабдылган.

Имаратта административдик кызматтар, консультациялык жана диагностикалык бөлүмдөр, ошондой эле медициналык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө арналган адистештирилген кабинеттер жайгашкан. Борбор компьютердик томография, УДИ-сканерлер, рентген аппараттары, эхокардиография, ЭГДС, флюорография, фиброскан жана башка жогорку технологиялык жабдуулар менен жабдылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: