Чүйдө жаран таанышын сабаган деп шектелип кармалды
Чүй облустук милициясы маалымдагандай, Токмокто ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүүгө шектүү жаран кармалды.Билдирүүгө караганда, 5-мартта 45 жаштагы жаран Н.Ж. аттуу таанышына карата чара көрүү үчүн арыз жазган. Анын айтымында, 3-мартта Н.Ж. анын Токмок шаарындагы үйүнө келген. Кийин Жигули үлгүсүндөгү автоунаага салып, Токмоктогу дача тилкесинде физикалык күч колдонуп, денесине жаракат келтирген.
Аталган факт каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Эксперттин корутундусуна ылайык, жабырлануучуга ден соолукка анча оор эмес зыян келтирилген.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















