Милиция кызматкерлери эс-учун жоготкон кызды тез арада ооруканага жеткиришти (видео)
Бишкекте милиция кызматкерлери эс-учун жоготкон кызды ооруканага өз убагында жеткиришти. Бул тууралуу 13-апрелде Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-апрелде саат 22:00 чамасында кайгуул кызматынын кызматкерлерине жарандар кайрылып, жардам сурашкан. Алардын айтымында, кыздын абалы начарлап, эс-учун жоготкон.
Кызматкерлер кырдаалга ыкчам реакция жасап, жол тыгындарын айланып өтүү менен кызды жакынкы ооруканага жеткиришкен. Натыйжада кызга убагында керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Милиция кызматкерлери эс-учун жоготкон кызды тез арада ооруканага жеткиришти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















