16-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт
16-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым жерлеринде ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өчүрүү иштери "Баш-Кара-Суу" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында реконструкция иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.
Өчүрүлүүчү аймактар: Сарбан айылы, Жал айылы, Жогорку Орок айылы, Жогорку Орок конушу, Кашкабаш айылы, 105-контур, ЖЭБ-2 конушу, Достук айылы, Ак-Ордо конушу (Ахунбаев көчөсүнүн түштүгү), Ак-Ордо конушу (Сокулук району, Ахунбаев көчөсүнөн жогору), Ак-Өргө конушу (Өмүр көчөсүнүн түштүгү), Селекция айылы, Сары-Өзөн конушу, Плодовое жана Калтар айылы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















