Ошто “Бийиктик” командасы сыйланды
Ош шаарында көк бөрү боюнча Биринчи лиганын чемпиону болгон “Бийиктик” командасы мэрия тарабынан акчалай сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаар мэринин орун басары Масуда Айдарбекова команда өкүлдөрүн кабыл алып, оюнчулардын жогорку даярдыгын жана мыкты жыйынтыгын белгилеп, ыраазычылык билдирди. Ошондой эле алдыдагы Жогорку лигадагы оюндарга ийгилик каалады.
Белгилүү болгондой, “Бийиктик” командасы 2025-жылы түзүлүп, Көк бөрү боюнча Биринчи лига мелдешине катышып келет.
2026-жылдын 15–21-март күндөрү Чолпон-Ата шаарында өткөн турнирде 12 команданын ичинен жеңүүчү аталып, чемпиондук наамды камсыздады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















