super.kg logo

Садыр Жапаров Гүлчө шаарындагы өнүгүү долбоорлору менен таанышты

 

Президент Садыр Жапаров 13-апрелде Гүлчө шаарына болгон иш сапарынын алкагында социалдык объектилердин курулушу жана шаарды көрктөндүрүү долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысына шаардын ички жолдорун жана тротуарларын куруу иштери тууралуу маалымат берилди. Бул максаттар үчүн өлкөнүн Турукташтыруу фондунан 340 миллион сом бөлүнгөн.

Долбоорго ылайык, шаардын негизги көчөлөрү — Алыбек Датка көчөсүнүн 3,7 чакырымы жана Курманжан Датка көчөсүнүн 0,8 чакырымы жаңыланат. Жолдор төрт тилкеге чейин кеңейтилип, 9 чакырым тротуар, ирригациялык арыктар жана заманбап жарыктандыруу системалары курулат.

Мындан тышкары, шаарды комплекстүү өнүктүрүү алкагында 120 орундуу бала бакчанын курулушу жана паркты капиталдык оңдоо долбоорлору сунушталды.

Андан соң Президент №2 Тапык Отунчиев атындагы мектептин кошумча окуу корпусунун курулушу менен таанышты. Жаңы корпус 275 окуучуга ылайыкталган жана аны ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Объекттерди көрүп чыккандан кийин, президент Садыр Жапаров бул долбоорлорду сапаттуу жана өз убагында ишке ашыруу аймактардагы жашоо деңгээлин жогорулатууда маанилүү экенин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: