super.kg logo

Туура-Суу айылында селден коргоочу дамба курулду

 

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Туура-Суу айылында Зындан тоо көлүнөн коргоочу 284 метрлик дамбанын курулушу ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы жылдары мөңгүлөрдүн эриши жана мөңгү көлдөрүнүн көбөйүшү алардын жырылып кетүү коркунучун күчөтүп, тоолуу аймактардагы калкка жана инфраструктурага олуттуу коркунуч жаратууда. Жаңы курулган дамба ушул тобокелдиктерди азайтып, Туура-Суу айылы жана ага чектеш аймактарды сел коркунучунан коргоодо маанилүү ролду ойнойт.

Иш-чаранын жүрүшүндө курулуш ийгиликтүү аяктаганы белгиленип, дамба андан ары пайдалануу жана тейлөө үчүн жергиликтүү бийликке өткөрүлүп берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: