"Өч-2" көркөм тасмасы көрсөтүүдөн алынды
Кечээ, 13-апрелде Кинематография департаментинин комиссиясы протоколдук чечим кабыл алып, "Өч-2" көркөм тасмасын өлкө аймагында жүгүртүү токтотулду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, эксперттик комиссия тарабынан тасманын мазмуну кеңири талданып, анын ичинде зомбулук, ырайымсыздык жана коомдук-адептик нормаларга каршы келген көрүнүштөрдүн басымдуулугу белгиленди. Ошондой эле тасмада позитивдүү социалдык баалуулуктарды жайылтуу, зомбулукту айыптоо же тарбиялык маанини берүү элементтери жетишсиз экени айтылды. Буга байланыштуу төмөнкү чечим кабыл алынды:
- “Кыргызтасмасы” киноборбору мамлекеттик мекемесинин директору Алмаз Тулекеев ээлеген кызматынан бошотулду.
- “Өч-2” көркөм тасмасынын өлкө аймагында жүгүртүүсү токтотулду;
- Кинотеатрлар, жүгүртүү уюмдар жана кино көрсөтүү менен алектенген башка субъекттер тасманы токтоосуз жүгүртүүдөн алып салууга милдеттендирилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















