super.kg logo

Бишкек-Ош жолундагы жаңы тоннелдин курулушуна даярдык башталды

 
Бишкек – Ош унаа жолунун 400,1-400,8-чакырымдарында жаңы тоннелдин курулушун баштоого даярдыктар активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 409-чакырымда таш кулоодон коргоочу курулуштар, 451-чакырымда жер көчкүгө каршы тирөөч дубалдар орнотулат. Учурда объектте бетон заводу орнотулуп, кеңсе жана лабораториялар курулууда. Ошондой эле атайын техникалар жана башка керектүү жабдуулар жеткирилип жатат.
"Быйылкы жылдын аягына чейин 250 метр тоннель казуу пландалууда. Курулуш былтыр июнь айында расмий башталган. Долбоор боюнча, 2028-жылдын аягына чейин бүтүрүү каралган. Аталган тоннель Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин биргелешкен долбоору болуп саналат",- деп белгиленген маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: