"Акча табышпайт". Депутат мечиттер үчүн электр энергиясын арзандатууну сунуштады (видео)
Бүгүн, 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Чотонов мечиттердеги электр энергиясына болгон төлөм маселесин көтөрдү.
Жыйында эл өкүлү мечиттер комерциялык объекттер болбогондуктан, алардын тариф системин өзгөртүүнү сунуш кылды.
"Бүгүнкү күндө мечиттерде электр жарыгына болгон төлөм коммерциялык тариф менен жүргүзүлөт. Мечиттер коммерциялык объекттер эмес да. Алар акча табышпайт. Ушул маселе калк арасында "Эмне үчүн мындай?" деген суроо жаратып жатат. Ошондуктан бул маселени карап, мечиттердеги электр энергиясына болгон төлөмдү жалпы калк төлөгөн тарифке өткөрүүнү сунуштайм",- деди депутат.
Жогорку Кеңеш
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















