Бишкекте бейбаштык үчүн Mercedes жана BMW айдоочуларына чара көрүлдү
Бишкекте бейбаштык кылышкан айдоочуларга чара көрүлдү. Бул тууралуу шаардык милициянын Кайгуул кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Mercedes-Benz жана BMW үлгүсүндөгү унаалардын айдоочулары жол кыймылынын эрежелерин атайлап бузуп, башка айдоочуларга тоскоолдуктарды жаратышкан. Ошондой эле унаалардын мамлекеттик каттоо номерлери жок болгон.
Натыйжада, 2 унаа тең айып короого киргизилип, айдоочуларга карата укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлгөн.
Бишкекте Mercedes-Benz жана BMW унааларынын айдоочуларына чара көрүлдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















