Президент айылдарды кыдырган губернаторлор көзөмөлүндө болорун билдирди
Өлкө башчы Садыр Жапаров 10-майдан баштап өзүнүн облустагы өкүлдөрү ар бир айыл өкмөттү кыдырып чыгышарын билдирди. Президент Оштун Ноокат районунун тургундары менен жолугушууда бул үчүн облус жетекчилерине 2 ай убакыт берилерин белгиледи.
Мамлекет башчысы кыдыруу учурунда бардыгын түз эфирден көрүп турарын кошумчалады.
"Кайсы айыл өкмөттө чогулуш болуп жатса, ал түз эфир менен чагылдырылып турат. Мен анын баарын карап отурам. Эгер облус чече албаган көйгөйлөр болсо, анда Бишкек чечет",- деди Жапаров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:59
2026-05-31
11:08
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















