УКМК жасалма акча даярдап, аны сатуу менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топко байланыштуу кошумча фактыларды аныктаганын билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, буга чейин кармалган жарандар Кыргызстан аймагында жогорку сапаттагы жасалма акча менен телефондорду сатып алышкан. Андан кийин бул телефондор Ош шаарында жана Өзбекстандын аймагында кайра сатылган. Ушундай жол менен жасалма акчалар мыйзамдаштырылып, накталай каражатка айландырылган.
Ошондой эле тергөөдө жасалма акчаларды чыныгы акчага төмөндөтүлгөн курс менен 1ге 2 же 1ге 3 катышында алмаштыруу фактылары аныкталды. Бул кылмыштуу топтун жасалма валютаны сатуу жана айлантуу боюнча туруктуу каналдары бар экенин көрсөтөт.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.
Өлкөдө жасалма акча менен алектенген кылмыштуу топтун жаңы фактылары аныкталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
11:08
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















