Аксыда 4 жаштагы бала көк ала болуп сабалды. Милициянын маалыматы
Интернет тармактарында тарап жаткан "4 жаштагы бала чоң энеси тарабынан ур-токмокко кабылды" деген маалымат боюнча Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы маалымат берди.
Маалым болгондой, 10-апрелде Аксы районунун Кызыл-Жар айылынын тургуну 2022-жылы туулган М.У. аттуу баланын бети башы көк ала болуп жүргөндүгү тууралуу маалыматты райондук милицияга кабарлады. Факт каттоого алып, териштирүү иштери башталды.
Милиция тергөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат бериле тургандыгын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















