super.kg logo

Концерт, арт фестиваль... Бул дем алышта Бишкекте өтүүчү иш-чаралардын тизмеси

 

Бул аптанын дем алыш күндөрү, тагыраагы 17-18-апрель күндөрү Бишкек шаарында өтө турган маданий иш-чараларды бир топтомдо сунуштайбыз.

18-апрелдеги иш-чаралар:

* Репер Бакрдын жеке концерти "Жаштык Аренада" өтөт. Иш-чаранын башталышы: 19:00. Билет баасы 1500 сомдон башталат.

* "Маша жана Аюу" цирк-шоусу Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" улуттук борборунда көрсөтүлөт. Башталышы: 11:00дө. Баасы: 300 сомдон жогору.

* "Бардыгын билгим келет" спектакли - Кыргыз мамлекеттик Муса Жангазиев атындагы куурчак театры. Башталышы: 11:00дө. Билет баасы 200 сомдон башталат.

* "Көңүлдүү жол чырак" шоусу - Кыргыз мамлекеттик Муса Жангазиев атындагы куурчак театры. Саат 12:30да башталат. Баасы 200 сомдон жогору.

* "Күйөө бала" (комедия) спектакли - Кыргыз улуттук академиялык Токтоболот Абдумомунов атындагы драма театры. Башталышы: саат 19:00. Билет баасы 500 сом.

* Эркин Мукашевдин чыгармачылык кечеси өтөт. Өтүүчү жай: Угли. Иш-чара саат 19:00дө башталат. Билет баасы 1500 миң сомдон жогору.

19-апрелдеги иш-чаралар:

* ART FEST - Балдардын бий жана чыгармачылык фестивалы - Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" улуттук борбору. Убактысы 10:00. Баасы: 300 сомдон жогору.

* "Пиковая дама" спектакли - Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры. Башталышы: 19:00. Билет баасы: 500 сом.

* "Учуучу кеме" ("Летучий корабль") - балдар үчүн спектакль - Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры. Саат 11:00дө башталат. Баасы: 100 сомдон жогору.

Спорттук мелдеш:

19-апрелде борбор калаада АФК Чакырык Лигасынын чейрек финалында Кыргызстандын "Мурас Юнайтед" командасы - ливандык "Аль-Ансар" командасы менен кез келет. Иш-чара Дөлөн Өмүрзаков атындагы Спорт ордосунда өтөт. Билет наркы 300 сомдон башталат. Иш-чара саат 18:00дө башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: