Ноокенде 20 жаштагы Мехринса аттуу кыз изделүүдө
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 20 жаштагы Абдыкахар кызы Мехринса дайынсыз болууда. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.Маалыматка ылайык, аталган жаран 13-апрель күнү саат 15:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Белгилери: Бою 165-167 сантиметр, сары жүздүү, кашы-көзү сары, орто дене түзүлүштө. Кийип жүргөн кийимдери: башында жоолук, үстүндө күрөң түстөгү көйнөк, астында боз түстөгү бут кийим болгон.
Көргөн, билгендер болсо 102ге же төмөнкү номурларга байланышса болот: 0773-61-17-17, 0558-66-15-15.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
11:08
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















