Бишкектеги №244 кичи автобустун каттамы өзгөрөт
Бишкек шаарындагы №244 кичи автобустун жүрүү схемасына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган маршрут Осмонкул, Күрөңкеев, Баялинов көчөлөрү аркылуу өтүп, Жаш Гвардия бульварын, Жибек Жолу проспектисин, ошондой эле Кулиев, Рыскулов, Фучик жана Коммунаров көчөлөрүн камтып келген.
Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, аталган автобус эми жүргүнчүлөрдү Рухий-Мурас жаңы конушунан Курманжан датка көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишине чейин тейлейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
11:08
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















