Бишкекте бош жумуш орундар жарманкеси өтөт
Эмгек министрлиги билдиргендей, 23-апрелде Бишкек мамлекеттик университетинин имаратында бош орундар жарманкеси, Карьера күнү жана Ачык эшиктер күнү өтөт.
Иш-чарага мамлекеттик, муниципалдык жана жеке сектордон 100гө жакын уюмдардын өкүлдөрү катышат. Жарманкеде (өндүрүш, транспорт, тейлөө, каржы сектору жана телекоммуникациялар жана башка тармактарда) 5000ден ашык бош иш орундары сунушталат.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар үчүн төмөнкү мүмкүнчүлүктөр каралган:
- Иш берүүчүлөр менен түз маектешүү;
- Ишке орношуу боюнча кеңештер;
- Резюме түзүүгө жардам;
- Эмгек рыногунун абалы жана карьералык мүмкүнчүлүктөр тууралуу презентациялар;
- Стажировка жана кесиптик өнүгүү программалары жөнүндө маалымат.
Иш-чара саат 10:00дө башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















