super.kg logo

"Ред Петролеум" компаниясынын башкы директору абактан бошотулду

 

"Ред Петролеум" компаниясынын башкы директору Акылбек Маматов эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде абактан бошотулду. Бишкектин Биринчи Май райрндук сотунун басма сөз кызматынан мындай чечим 17-апрелде чыкканын билдирди.

Буга чейин Маматов 13-июнга чейинки мөөнөткө камакка алынган болчу. Маматов Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталууда.

Айта кетсек, ал Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган. Анын үй-бүлөсүнүн УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү менен байланышы бар экени айтылып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: