Бишкекте почта аркылуу Таиланддан баңгизат ташуу каналы аныкталды (видео)
Бишкек шаарында почта аркылуу Таиланддан баңгизаттарды ташуу каналы аныкталды. Бул тууралуу 21-апрелде Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, "Кыргыз почтасы" эл аралык почта алмашуу борборунда бажылык көзөмөл учурунда Таиланддан келген шектүү жүк аныкталган. Анда бүктөлмө отургучтун ичинен өсүмдүк тектүү зат (гашиш) табылган. Алынган баңгизаттын жалпы салмагы болжол менен 700 граммды түзгөн.
Буга байланыштуу аталган жүктү алуу учурунда эки жаран кармалды. Учурда бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















