Ошто батирлерге уурулукка кирип жүргөн делген шектүү кармалды
Ош шаарында 28 жаштагы жаран батирлерге уурулукка кирүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу калаа милициясы кабарлады.Маалыматка ылайык, ал шаардын Достук, Манаса-Ата кичи райондорундагы 8 үйгө уурулукка кирген. Тергөөдө шектүү үй ээлеринин жоктугунан пайдаланып, бир нече баалуу буюмдарды, акчаларды уурдап кеткени аныкталган.
Ал акыркы уурулук кылган батиринен 2 алтын сөйкө, 5 шакек, 200 доллар жана 10 миң сом алып чыгып кеткен. Алтын буюмдарды өз баасынан арзан сатып жиберген. Шектүү 2 айга камакка алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















