super.kg logo

"Бакиевдер келишсин". Ош окуясы боюнча ачык сот өткөрүүгө чакырык жасалды

 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошова президент Садыр Жапаровду Ош окуясы боюнча ачык элдик сот өткөрүүгө чакырды.

Ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, 2010-жылкы парламенттик шайлоодо "Ата Журт" партиясынын лидерлери Ош окуясын аягына чыгарууга убада беришкендерин эске салды.

"Сиз кайсы күнү, каякта, саат канчага дейсиз, ага улуттар аралык жаңжалда жабыркагандар келишсин. Сиз өзүңүз барыңыз. Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков да келсин. Роза Отунбаева баш болгон убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсү да катышсын. Мурдагы президент Курманбек Бакиев, дегеле Бакиевдердин бардыгы келишсин. Мына ошондо Ош окуясына ким күнөөлүү, ким эмне себептен баштады, эмнеге кыргыз-өзбектин карапайым балдары шейит кетишти деген маселелерге чекит коёлу",- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: