Баткенде алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
Баткен районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 24-апрелде облустун милициясынан билдиришти.Маалыматка ылайык, 26 жаштагы А.Б. аттуу жаран 46 жаштагы жарандын Honda Fit үлгүсүндөгү унаасын 1 миллион сомго баалап сатып алып, акчасын бир айдын ичинде төлөп берүүнү убадалаган. Бирок көрсөтүлгөн мөөнөттө каражатты кайтарган эмес.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголду.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү кармалган. Учурда тергөө амалдары уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
11:08
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















