Эскертүү! Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт
Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда таштарды атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу 24-апрелде "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы билдирди.Маалым болгондой, иштер 27-апрелден 30-апрелге чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 116-чакырымында жана Боом капчыгайынын аймагында жүргүзүлөт.
Иштер саат 10:00дөн 16:00гө чейин, күндүзгү убакытта аткарылат. Жол тазалоо учурунда унаалар бир тилке менен өткөрүлөт.
Бул иш-чара унаа жана темир жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында уюштурулууда.
Мекеме жарандардан унаа менен жолго чыгар алдында сапарын алдын ала пландап алууга чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
11:08
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















