Сузак районунда 300 миң сомдон ашык каражатты өзүнө өткөрүп алган чиновниктерге кылмыш иши козголду
Сузак районунда 300 миң сомдон
ашык каражатты өзүнө өткөрүп алган чиновниктерге кылмыш иши козголду. Бул
тууралуу 25-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук
прокуратурасы Сузак районуна караштуу Багыш айылдык аймагында иштеген
жетекчилерге кылмыш ишин козгогон. Алар 2012-2013-жылдары каржы-бухгалтердик жасалма документтерди жасашып, 313 миң сомго ээ болушкан.
КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат
абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине ылайык ачылган иш
иликтенүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

