2013-жылы Кыргызстанга Орусия парламентинин жетекчилери Валентина Матвиенко менен Сергей Нарышкин келет
2013-жылы Кыргызстанга Орусиянын Федерациялар Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин иш сапары менен келет. Бул тууралуу 17-декабрда Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев менен жолугушуу учурунда билдирди. Элчи эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлде уланып жатканын да белгиледи.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

