Ош. Ноокатта окуучулар арасындагы предметтер боюнча аймактык олимпиада жыйынтыкталды
Ноокат районунда мектеп окуучуларынын арасында предметтер боюнча олимпиадасы жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда райондук билим берүү бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Быйылкы 2013-2014-окуу жылындагы олимпиаданын райондук этабына жалпысынан 625 окуучу катышып, 38 окуучу 1-орунду, 42 окуучу 2-орунду алышты.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын буйругу менен 1-орунду алган окуучуларга 1-даражадагы дипломдор жана баалуу белектер берилди. Ал эми аларды окутуп, олимпиадага даярдаган мугалимдерине Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары тапшырылды. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

