Майдагы эс алуу күндөрү "Унаа" мекемесинин айрым бөлүмдөрү иштейт
1-10-май күндөрү "Унаа" ишканасынын аймактык бөлүмдөрү штаттык режимде, дем алышсыз иштейт. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалым болгондой, Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларындагы бөлүмдөр транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо кызматтарын саат 08:30дан 17:30га чейин көрсөтөт.
- Бишкек: "Аю Гранд" соода түйүнү, "Биримдик 24" бөлүмү;
- Ош шаары: Ош аймактык бөлүмү, Ош шаардык бөлүмү;
- Манас шаары: Жалал-Абад аймактык бөлүмү;
- Каракол шаары: Каракол бөлүмү.
Мындан тышкары, 4-8-май күндөрү айрым бөлүмдөрдө айдоочулук күбөлүк алуу үчүн практикалык экзамендер кабыл алынат.
- Чыгыш бөлүмү (Бишкек шаары);
- Ош аймактык бөлүмү;
- Ош шаардык бөлүмү;
- Жалал-Абад аймактык бөлүмү;
- Каракол бөлүмү.
"Унаа" мекемеси жарандарга кызматтарды онлайн алуу үчүн "Түндүк" тиркемесин колдонууну сунуштайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















