Аксыда сел алган жолдун бир тарабы ачылды
Аксы районунда сел түшкөн Кара-Жыгач - Кара-Суу унаа жолунун бир тарабы ачылды. Бул тууралуу 29-апрелде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, түндөгү катуу жааган жаандан улам жолдун 9 жерин чоң сел алган.
"Таңдан бери жеринде "Кыргызавтожол-Түштүк" ишканасынын кызматкерлери жамгырдан кийинки табигый кырсыктарды жоюу иштерин аткарышууда. Ушул тапта жол бир тараптуу ачык",- деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















