super.kg logo

Өзгөндөгү бала бакчада болгон окуядан улам директор кызматтан алынды

 

Агартуу министрлиги Оштун Өзгөн районуна караштуу Кара-Таш айылындагы "Ак ниет шооласы" бала бакчасында болгон окуя боюнча маалымат таратты.

Маалыматта бала бакча жетекчиси менен тарбиячынын ортосунда пикир келишпестик орун алып, алардын кайым айтышканы белгиленет. Буга тарбиячынын жетекчинин баласы бала бакчага кечигип келгендиктен аны кабыл албай койгону себеп болгон.

Окуя териштирилип, бала бакчанын директору ээлеген кызматынан бошотулса, тарбиячыга сөгүш берилген. Мындан тышкары, жаңжалга күбө болгондорго токтотуу аракетин көрүшпөгөнү үчүн эскертүү берилген.
Аталган факт Өзгөн райондук милициясы тарабынан каттоого алынган. Бирок бала бакчанын жетекчиси жана тарбиячысы бири-бирине карата доолору жок экендигин билдиришкен.





Өзгөндөгү бала бакчада болгон окуядан улам директор кызматтан алынды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: