super.kg logo

Таласта 5 миң орундуу жаңы стадион: Курулуш кызуу жүрүүдө

 

Курулуш министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы борбордук стадиондун курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта 5 миңден ашуун көрүүчүгө ылайыкталган заманбап стадиондун курулушу активдүү жүрүп жатат. Министр объекттин сапатына жана курулуштун ыргагына өзгөчө көңүл буруп, стадион эл аралык талаптарга жооп бериши керектигин белгиледи.

Долбоорго ылайык, жаңы стадиондо батыш жана чыгыш трибуналар, оюнчулар үчүн бардык шарттар, медиа жана VIP-зоналар, ошондой эле VAR системи каралган. Мындан тышкары, футболчулар үчүн жатакана, тамактануу жайы жана административдик бөлмөлөр да курулат.

Белгилей кетсек, стадиондун курулушу 2025-жылдын 9-апрелинде башталган. Объектти быйыл Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүү пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: