Талас: Ак-Жар айылында жаңы мектеп корпусу пайдаланууга берилет
Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу кошумча окуу корпусу курулуп бүтүп, жакында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүп, республикалык бюджеттен каржыланды. Долбоордун жалпы наркы 57 миллион сомду түзөт.
Жаңы эки кабаттуу имараттын аянты 1282 чарчы метрди түзөт. Анда заманбап окуу класстары, химия жана биология лабораториялары, китепкана, ашкана, эмгек класстары жана жыйындар залы каралган. Учурда ички жабдууларды жана эмеректерди жайгаштыруу иштери жүрүүдө.
Долбоор аймактагы билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















