super.kg logo

Өкмөт башчы кыргызстандыктарды Эмгек майрамы менен куттуктады

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргызстандыктарды 1-май – Эмгек майрамы менен куттуктады. Өкмөттүн маалымат кызматы анын кутуктоо сөзүн жарыялады.

Касымалиев ар бир жетишкендиктин, ар бир ийгиликтин артында маңдай тери менен эмгектенген адамдардын аракеттери турарын белгиледи.

"Дүйнө падышасы эмгек болот” деп XIX кылымда акылмандын жазганы накта чындык экенин далилдеп, айрым өлкөлөр өздөрүнүн эмгеги, экспортко чыгарган товарлары аркылуу дүйнө жүзүндөгү элдердин арасында таасирдүү абройго, экономикалык жана саясий күч-кубатка ээ болушту.

Бүгүнкү күндө күжүрмөн элибиздин күрдөөлдүү эмгеги менен Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолунда ишенимдүү кадам таштоодо. Эмгекчилердин укуктарын коргоо, татыктуу эмгек шарттарын түзүү, иш менен, социалдык кепилдиктер менен камсыз кылуу мурдагыдан кыйла жакшы ишке ашууда.

Бул майрам ар бириңиздерге жакшы маанай, жаңы дем-күч жана ийгилик алып келсин. Эмгекке жараша береке болуп, ар бир үйдө тынчтык, береке жана ынтымак өкүм сүрсүн. Жаздын жаркын күнү жүрөгүңүздөргө жылуулук тартуулап, келечекке болгон ишенимиңиздерди бекемдесин", - деп айтылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: