super.kg logo

Кугунтуктоого, аңдууга карата жаза чегерүү сунушталууда

 

Куугунтуктоо, аңдуу, психикалык басым жасоо аракеттерине жоопкерчиликти киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору сунушталууда. Жогорку Кеңештин 34 депутаты иштеп чыккан документ парламенттин сайтындагы коомдук талкууга коюлду.

Долбоордо Кылмыш-жаза кодексине "Сталкинг" деген 109-1 номурлуу беренени киргизүү каралган. Тагыраагы, адамды артынан аңдууга, психикалык басым жасоого, материалдык зыянга учуратууга, конституциялык укуктарын, эркиндигин бузууга багытталган куугунтуктар жөнүндөгү берене. Документте мындай жосундар үчүн жаза чегерүү сунушталат.

Алсак, 6 айдан 1 жылга чейин абакка кесүү же 20 миңден 50 миң сомго чейин айып пул салынмакчы. Эгер мындай аракеттер 14төн 18 жашка чейинки өспүрүмдөргө, кош бойлуу аялдарга жасалса, анда айыпталуучу 1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат, же 50 миңден 100 миң сомго чейин айыпка жыгылат. Мындан тышкары 14 жашка чейинкилерге, жалданма негизде жана кызмат абалынан пайдалануу менен жасалган жосундар үчүн 3 жылдан 5 жылга чейин абакка кесүү сунушталат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: