Гүлчө шаары селдин кесепеттеринен тазаланды
Гүлчө шаарында селдин кесепеттерин жоюу иштери толук жыйынтыкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, турак үйлөрдүн короолору жана жер төлөлөрү сел сууларынан толук тазаланып, аймактар иретке келтирилген. Ошол эле учурда селден коргоочу тосмолорду бекемдөө жана сел каналдарын тазалоо боюнча инженердик техникалардын иштери улантылууда.
Айта кетсек, 28-апрелде Алай районунун Гүлчө шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, мэрия тарабынан өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген.
Гүлчө шаары селдин кесепеттеринен тазаланды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















