Министрлик түштүктө сел учурунда саламаттык жаатында иштер жүргүзүлгөнүн кабарлады
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын бир катар аймактарында жүргөн сел учурунда санитардык-эпидемиологиялык абалга көзөмөл жүгүзүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, аймактарда көчмө эпидемиологиялык бригадалар иштеп, профилактикалык жана дезинфекциялык иш-чаралар жүргүзүлгөн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калкты коопсуз ичүүчү суу менен камсыз кылуу тапшырылган. Дезинфекциялык иш-чаралар этап-этабы менен, анын ичинде инженердик тармактардагы бузулуулар жоюлгандан кийин жүргүзүлүүдө. Дезинфекциялоочу каражаттардын запасы жетиштүү.
Учурда болгон окуяларга байланыштуу жугуштуу оорулардын учурлары катталган жок.
Айта кетсек, 30-апрелден 1-майга караган түнү өлкөнүн түштүгүндө жааган жамгырдан улам сел жүргөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















