Бишкекте турак үйдөн мыйзамсыз гей-клуб аныкталды
Бишкек шаарындагы Менделеев көчөсүнүн тургундары жеке үйдө түнкү маалда өтүп жаткан катуу музыка коштолгон кечелерге даттанышууда.
Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, 3-май күнү жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анын айтымында, коңшулары турак үйдө мыйзамсыз ЛГБТ клубун уюштуруп, коомдук тартипти бузуп жатышат. Бул факт катталып, текшерүү башталды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө үй 1966-жылы туулган жаранга таандык экени аныкталды. Жыйынтыгында мыйзамга ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.
Буга чейин да окуя болгон жерге патрулдук милиция барган. Күбөлөрдүн айтымында, айрым учурларда үйдүн жашоочулары милиция кызматкерлерин дароо киргизбей коюшкан. Бул дарек боюнча буга чейин да ушундай учурлар катталганы белгиленди.
Гей клуб
0

Супер-Инфо
super.kg видео















