Базальт буласы кошулган бетонго эксперименталдык сыноо жүргүзүлүүдө
Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун лабораториясында курулуш материалдарына пландуу түрдө эксперименталдык сыноолор жүргүзүлүп жатат.
Маалыматка ылайык, бул иштер Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 4-июлунда кабыл алынган №360 “Базальт булалары жана материалдары” мамлекеттик программасынын алкагында ишке ашырылууда.
Сыноо учурунда куб формасындагы бетон үлгүлөрү колдонулуп, алардын кысуу жана ийилүү бекемдигиндеги айырмачылыктар изилденди. Тактап айтканда, базальт буласы кошулган жана кошулбаган бетон үлгүлөрү салыштырылып, алардын сапаттык көрсөткүчтөрү текшерилди.
Мамлекеттик программанын алкагында институт тарабынан үч ченемдик-техникалык документти иштеп чыгуу каралган. Ошондой эле базальт-пластикалык композиттик арматураны курулушта колдонуу мүмкүнчүлүгү да бааланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















